Маанилүү жаңылыктар

Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана көйгөйүн чечүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суусамыр өрөөнүндө алтыгана (карагана) бадалына байланышкан көйгөйлөр менен жеринен таанышып, мамлекеттик тиешелүү кызмат жетекчилерине маселени чечүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.

Ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын планынын негизинде дыкат иш алып баруу, аны айдоо аянттар менен жайыт жерлерге таркалуусуна жол бербөө, сел коркунучу бар аймактар менен уулуу калдыктар сактоочу жайларга көчүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ошондой эле? министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруунун үстүндө иштөө тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 8-июлда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун жетекчилигинде алтыганага каршы күрөшүү боюнча жыйында кабыл алынган чечимдерди аткаруунун алкагында өткөрүлдү.

Маалым болгондой, Суусамыр өрөөнүндөгү 472 миң гектар жайыт жердин 800 гектарын акыркы жылдары алтыгана каптай баштаган.

Суусамырдагы жапайы алтыгана бадалы менен күрөшүүдө министрлик биологиялык жана механикалык ыкмаларды колдонуп иш жүргүзүүдө. Бирок, жыш өскөн тикенектүү бадал жайыттарды, жайлоолорду каптап, адырлардан өтүп, түз жерлерге чейин каптап жаткан учурлар катталууда.

Show More
Back to top button