Маанилүү жаңылыктар

Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун атласын талдоо боюнча окутуу өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин адистери өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун атласын талдоо жана жаңылоо боюнча окутуусуна катышты. Аталган окутуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө.

2014-жылдан бери БУУ ДАТП мамлекетке азык-түлүк коопсуздугунун атласын иштеп чыгууга жардам берип келет. Анда облустук жана райондук деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун негизги компоненттери боюнча талдоо жүргүзүлөт: жеткиликтүүлүк, пайдалануу жана туруктуулук. Атлас өнөктөштөргө жана кызыкдар тараптарга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун көйгөйлөрүн жана келечегин түшүнүүгө жардам берет. Атлас министрликтин расмий сайтында жайгашкан жана кеңири аудиторияга жеткиликтүү.

Show More
Back to top button