Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча оруп-жыюу өнөктүгүнө техникалар даяр

2024-жылы республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына 1950 дан комбайндын 1453 катышууга даяр. Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу Департаменттин кызматкерлери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150 ашык дан комбайндары тартылаары пландалууда. Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 жакын дан комбайндары катышууга даяр, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылат.

2024-жылы 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түздү. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Суусамыр өрөөнүндө өнөктүк август айында башталып, октябрь айында жыйынтыкталат.

Show More
Back to top button