Маанилүү жаңылыктар

Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Суу ресурстары кызматынын директору – министрдин орун басары Алмазбек Сокеев, министрликтин тиешелүү жетектөөчү адистери, Ысык-Көл облусунун башчысы Улан Далиев, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу менен Балыкчы шаарындагы канализациялык-тазалоочу курулмалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

2022-жылдын сентябрынан тартып аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери башталган. Керектүү тетиктер жана жабдуулар 100% жеткирилген. Курулуш-монтаждоо иштери 95%га аткарылган. Бүгүнкү күндө жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда. Объект кабыл алынгандан кийин саркынды сууларды тазалоо боюнча функционалдык кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн ишке киргизүү жумуштары башталат.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча министр Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү жетекчилерге курулуш-монтаждоо иштерин өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Show More
Back to top button