Маанилүү жаңылыктар

Терини кайра иштеткен ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга колдоо көрсөтүлөт

Бүгүн, 30-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт  Төрөбаев Чүй облусунун Сокулук районунун акими И.А. Ташкулов жана Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш. Урматов менен биргеликте, тери жана жүндү кайра иштетүүчү экспорттук потенциалы жогору ата мекендик “Алия” ишканасынын жетекчиси Нищук Геннадий Павлович, ошону менен бирге ири, майда мал жандыктарын жана алардын терисин кайра иштетип, андан ары үй жаныбарларына (иттер жана мышыктарга) арналган тамак-аш азыктарын өндүрүүчү “Бархан Дог Чьюс” ишканасынын жетекчиси Асангулов  Кутбек Токтобекович менен жолугушту.

Бул жогулушуунун максаты аталган ата мекендик ишканаларды модернизациялоо жана алардын өндүрүштүк көлөмүн көбөйтүү үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн аймагынан тери жана жүндү кайра иштетүүчү “Алия” ишканасынын жаңы өндүрүштүк имаратын куруу жана ага керектелүүчү жер тилкесин чечип берүү, ошону менен бирге Новопавловка айылында жайгашкан “Бархан Дог Чьюс” ишканасынын жаңы өндүрүштүк имаратын куруу жана ага керектелүүчү жер тилкеси боюнча да маселе талкууга алынды.

Терини кайра иштетүүчү аталган ата-мекендик ишканалардын экспорттук потенциалы жогору экендиги белгиленип, өлкө боюнча сапаты талапка жооп берген баардык көлөмдөгү терини алып, кайра иштетүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги да айтылды. Ошону менен бирге, мал союучу жайларга мал жандыктардын терисин бузбай сыйрып алууга ылайыкташкан заманбап станоктор боюнча тийиштүү талаптарды иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар “Алия” жана “Бархан Дог Чьюс” ата-мекендик ишканаларынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган ар тараптуу колдоо иштерин илгерлетүү жана сапаттуу тери буюмдарын чыгарууга мал жандыктардын терисин сыйруу боюнча мал союучу жайларга карата тийиштүү талаптарды иштеп чыгып, анын негизинде өлкөнүн бардык аймактарынан сапаттуу терини өндүрүү жана аны кабыл алуу процессин жөнгө салуу жолдорун белгилешти.

Ошондой эле, министр Бакыт Торобаев “Алия” ишканасынын жетекчиси Нищук Геннадий Павловичти айыл чарба тармагына кошуп жаткан салымы үчүн “Айыл чарбасынын мыктысы” төш белгиси менен сыйлады.

Show More
Back to top button