“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.
Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 7 000 000 000 (жети миллиард) сомду түздү.
Долбоордун алкагында 2 багыт боюнча насыя каралган.
1. “Мал чарбачылыгы” категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:
– бодо мал өстүрүү;
– кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;
– канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.
2. “Өсүмдүк өстүрүү” категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:
– дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– мөмө-жемиштерди өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– пахта өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– питомниктин меме-жемиштерин өстүрүү;
– тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
– сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
– күнөскана чарбасын жүргүзүү.