![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/184527552_568570137832043_1989866799671777984_n.jpg)
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү.
Тактап айтканда, 2021-жылдын 30-апрелинен 7-майына чейин 8166,4 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.
ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.