Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкекте органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча тренинг өтөт

JICAнын «Органикалык дыйканчылыкты жайылтуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти 2025-жылдын 24–28-февралы аралыгында органикалык айыл чарба боюнча инструкторлор үчүн тренинг өтөт. Тренингдин максаты – органикалык дыйканчылык боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу, топуракты жана айыл чарба өсүмдүктөрүн анализдөө технологияларын үйрөнүү. Бул тренинг Кыргызстандагы органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Анда катышуучуларга бул тармактагы алдыңкы технологияларды колдонуу үчүн керектүү билим жана көндүмдөрдү берилет. Иш чара боюнча сурап-билүү номери :0705 58 58 70 (Жылдыз, JICA долбоорунун координатору)

Show More
Back to top button