
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасын иштеп чыгууга арналган стратегиялык талкууга старт берилди. Аталган программага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги да активдүү катышып жатат жана “Агрардык өлкө” аталыштагы Кыргызстандын айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнүн комплекстүү стратегиясын түзүү боюнча иш алып барат.
Улуттук программаны иштеп чыгуунун негизги максаты – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттик саясатты комплекстүү модернизациялоого багытталган өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу.