
Бишкекте «Балык өндүрүү жана өстүрүү: Биомар технологиялары жана мамлекеттик каржылоо» аталышындагы семинары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын алдыңкы балык чарбаларынын жетекчилери, фермерлер, Балык өнөр жай комплекси департаментинин, КРнын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.
Семинардын катышуучулары форель балыгын багуунун алдыңкы технологиялары, балыктын өсүшү, чыгашасын азайтуу, рентабелдүүлүк, балык чарбасынын ийгиликтүү учурлары жана тоюттандырууну адаптациялоо боюнча кеп-кеңештерди, ошондой эле банк кызматкерлеринен жеңилдетилген кредиттер (КПК 6%) тууралуу маалымат алышты.
Семинар агроөнөр жай комплексинин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөсү «Форель балык заводу» ЖЧКсы тарабынан уюштурулган.


