Маанилүү жаңылыктар

Ыкчам маалымат алуу үчүн Фермерлерди тейлөө борборунун Telegram тайпасы ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлерге тажрыйбалуу кеп-кеңеш берип, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп алуу максатында республиканын аймактарына Фермерлерди тейлөө борборлорун ачкан.

Эми Фермерлерди тейлөө борборлорунун ишин жеңилдетүү максатында Телеграм тайпасы ишке кирип, агроөнөр жай тармагы боюнча тажрыйбалуу кеңешке муктаж жарандар, дыйкан-фермерлер керектүү маалыматты https://t.me/+MlJtdv8Pag8zZTIy шилтемеси аркылуу ыкчам ала алышат.

Белгилей кетсек, Фермерлерди тейлөө борборлору 2024-жылдын ноябрь айынан тартып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык жер-жерлерде ачылган.

Show More
Back to top button