Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ветеринардык кызмат эки структурага бөлүндү

Калкты коопсуз, сапаттуу жана жеткиликтүү тамак-аш продукциясы менен камсыз кылууну жана эпизоотиялык бакубаттуулукту натыйжалуу жакшыртуу максатында көзөмөлдөө ишин жүргүзүү боюнча Ветеринардык кызматтын ыйгарым укуктары бөлүндү. 

Ветеринардык кызматы кайра уюшулгандан кийин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы” жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы” мекемеси түзүлдү. 

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы – республиканын аймагында тамак аш коопсуздугун, өлкөнүн аймагына коркунучтуу, карантиндик оорулардын киришинен жана жайылуусунан коргоо үчүн уюштурулду. 

Ал эми Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы – республиканын аймагында эпизоотиялык бакубаттуулук, мал чарбасында сандан сапатка өтүү жана мал багууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн түзүлдү. 

Белгилей кетсек, “Кыргыз  Республикасынын   агроөнөр   жай комплексин  андан  ары өнүктүрүү   жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы Жарлыгына ылайык республиканын аймагында эпизоотиялык абалды жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга күчөтүү, жайыттарды жакшыртуу максатында, 2025-жылдын 27- январындагы №39 Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы – кайрадан уюштурулган.

Show More
Back to top button