
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республиканын аймактарындагы агрардык жана фермердик адистер үчүн АгроЗооВет окуутууну кайрадан жандандырды. Бул иш-чарада тажрыйбалуу адистер төмөнкү маселелер боюнча окутат:
– абитуриеттер айыл чарбасы боюнча кандай кесипке ээ боло алат жана кайсы жерде иштей алат;
– дыйкан, фермелер кандайча кирешелүү боло алат;
– чарбаны кантип туура уюштурса болот;
– өндүргөн прокцияны кантип жана кайда сатса болот;
– экспортоого чейин эмне кылуу керек;
– заманбап технологияларды жана меттодорду колдоно билүү үчүн эмнени билүү керек.
Учурда окуулар Ош облусунун Өзгөн районунда өз ишин улантууда. Бул маанилүү иш-чарада жергиликтүү дыйкандар жана фермерлер жазгы талаа айдоо иштерине даярдыкты күчөтүү максатында керектүү жаңы билимдерди алышып, заманбап агротехнологиялар боюнча терең түшүнүккө ээ болушту. Караванга катышкан айыл чарба адистери тарабынан үрөндөрдүн сапаты, дотацияланган өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн заманбап чаралар, бензиндин керектөө деңгээли, ошондой эле органикалык жер семирткичтердин пайдалуулугу тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле, бул аракеттер келечекте айыл чарба секторунун өсүшүн жана туруктуулугун камсыз кылууга көмөктөшүп, катышуучуларга өз иштеринде мыкты натыйжаларды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

