Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кокон гиласты жыл сайын ашык бутактарын кыскартып, бутап туруу керек

Кокон гилас бат өскөн жана күндүн нурун көп талап кылган мөмө болуп саналат жана ал көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Кокон гиластин курамында адамга эң пайдалуу: белок, көмүртек, аскорбин кычкылы (кислотасы), тиамин, кальций, темир, магний, фосфор, калий, йод, натрий жана башка заттар бар. Ошондой эле фруктоза, глюкоза, С, А, В1, В2, Е, РР витаминдерин камтыйт. Ага өзгөчө көңүл буруу кажет. Алсак, жыл сайын анын ашык бутактарын кыскартып, бакка форма берип бутап туруу керек. Бак түшүм бере элегинде, анын бир жылдык чырпыктарын жылына 1/5 узундукта кыскартылат. Кокон гилас түшүм берүү маалына киргенден баштап, кыскартуучу бутоолор токтотулат. Туура эмес өскөн бактын башын карай өскөн  бутактарын гана кыркылып, эгер эки бутактын ортосундагы бурч 50° жетпесе, чырпыктын жарымын кыйып салып, илдетке чалдыккан же куураган бутактарды да жок кылуу керек. Ошондой эле, дыйкандар түшүмдү  жогорулатуу максатында, төмөндөгү ыкманы колдонушат: тик өскөн бутактарды сөңгөктөн 90° жайгашкандай кылып, баштарын ийип коюшат. Бул үчүн жаш бактардын бутактарына оор нерселерди илип коюшат же алардын учтарынан жерге кагылган казыктарга байлап коюшат.

Show More
Back to top button