Маанилүү жаңылыктар

Аймактарда арзан баадагы айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, өткөн жуманын 8-9-февраль күндөрү (ишемби, жекшемби) республиканын бир катар аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулду. Базар баасынан арзан, элдин капчыгына күч келбегидей  баада коюлган азык-түлүк жарманкеси Токмок, Кант, Сузак, Өзгөн, Ноокен, Алай, Кара-Кулжа, Кемин, Ош, Айтматов, Бакай-Ата, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Аламүдүн, Токтогул ж.б район, шаарларда өттү. Бул өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, социалдык маанидеги айыл чарба азыктарына болгон бааны туруктуу кармоо жана жарандарды арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында уюштурулууда.

Show More
Back to top button