
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын карамагындагы бир катар район жана шаардык башкармалыктары тарабынан аймактагы орто мектептин окуучуларына зооноздук ооруларды алдын алуу боюнча ачык сабактар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чара Нарын, Сузак, Баткен, Ак-Талаа, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана башка райондордо өткөрүлдү. Ветеринардык адистер балдарга малдан адамга жугуучу бруцеллёз, эхинококкоз, сибирь жарасы, кутурма, туберкулез сыяктуу ылаңдар тууралуу маалымат берип, алардын жугуу жолдорун, ден соолукка тийгизген таасирин айтып беришти. Эми ушундай эле ачык сабактар бардык райондордо жүргүзүлөт.
Максат –балдар арасында ооруну болтурбоо жана санитардык гигиеналык эрежелерди сактоо чакыруу.
Эскерте кетсек, буга чейин Ветеринардык кызмат “Эхинококкозго каршы аракеттерди консолидациялоо” форумун өткөргөн. Форумга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер жана өнөктөштөр катышты.




