
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин буйругунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын кортундусуна ылайык, 184 субъектиге аттестация- мониторингден өткөрүлдү.
Мониторингтин жыйынтыгы боюнча 184 субъекттин ишмердүүлүн текшерип, асыл тукум завод жана ферма асыл тукум субъекттин талаптарына жооп берип асыл тукум субъекттин статусун ыйгаруу боюнча Министрликтин кароосуна буйрук даярдалууда.
Ошондой эле, жылына бир жолу асыл тукум чарба статусун алууну каалаган фермерлерге райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына арыз менен кайрылып, керектүү документтерди даярдап, асыл тукум чарба статус алуу мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет.