Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Дыйкандар жеңилдетилген шартта үрөн сатып ала алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, үрөнчүлүк чарбалар даярдаган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрү жеңилдетилген пайыз менен берилет. Ага ылайык, эми жарандар жана чарбалык субъекттер менчигинин түрүнө карабастан 30% жеңилдетилген үрөндөрдү сатып ала алат. 

Дыйкандар жеңилдетилген шартта үрөндөрдү алуу үчүн төмөнкүлөргө көңүл бөлүүсү керек:

 1)Дотациялык үрөндөрдү алуу ниетин билдирген айыл чарба товар өндүрүүчүсү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө тиешелүү өтүнмө берет.

 Айыл чарба товар өндүрүүчүсү өтүнмөгө төмөнкү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркейт: 

а) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН (бар болсо); 

б) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН (бар болсо); 

в) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими). 

2) Райондук комиссия айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

Толук маалымат алуу үчүн үрөндөрдү сертификатоо бөлүмүнүн башкы адиси Муратбекова А. 0990-965-006 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.

Show More
Back to top button