Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республика боюнча картошкага болгон бааны туруктуу кармоо максатында, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Маселен, 3-февралда Ош шаарында картошканын дүң баасы 60 сомдон болсо, ыкчам көрүлгөн чаралардын негизинде ошол эле күнү кечке маал картошканын дүң баасы турукташып, 49 сомго түшкөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. “Азыркы учурда өлкөдө картошканын кору жетиштүү. Дыйкандар картошкаларын жер төлөдө сактап жатышат. Базарга келгенде ортомчулар картошканын баасын 75 сомго чейин көтөрүп жиберишүүдө. Аларга да бул боюнча чаралар көрүлөт. Азыркы тапта картошканын экспортуна тыюу салуу маселеси каралып жатат”, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев. Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев дыйкандарга кайрылып “Быйыл жаздын эрте келиши күтүлүүдө. Үрөндөр эрте себилип, түшүмдөр да эрте жыйналат. Картошканын корун жазга чейин кармоонун зарылчылыгы жок. Азыркы учурда баасы жакшы болуп турганда сатып, киреше таап алууга чакырам”, – деп кошумчалаган министр.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close