Бүгүн, 29-январда, Бишкекте өтүп жаткан “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун экинчи күнүндө республикадагы мал чарбачылыгы боюнча 16 алдыңкы дыйкандар-чемпиондор аныкталды.
Мал чарбачылыгы боюнча чемпион аталган дыйкандар:
Ысык-Ата районунун фермери Михаил Зуев, Голштино-фриз породасындагы уйларды багат;
Монбельярд породасындагы уйлар менен алектенген Аламүдүн районунун фермери Мааданбеков Азамат;
Герефорд жана галловей эт багытындагы уйларды баккан Сокулук районунун фермери Норузбаев Женишбек;
Абердин-ангусс породасындагы асыл тукум уйлардан көп киреше тапкан Ак-Талаа районунун фермери Таалайбек уулу Ханзат;
Ак топоз баккан Тоң районунун фермери Акматов Баатырбек;
30 жылдан бери жаңы кыргыз породасындагы жылкы баккан Өзгөн районунун фермери Зейнеп Касымова;
Күлүк жылкыларды баккан Сокулук районунун фермери Сатиев Айбек;
Эт багытындагы тоок багуу менен алектенген Чүй облусунун фермери Жумашев Чынгыз;
Арашан породасындагы асыл тукум койлорду баккан Чүй облусунун фермери Доронов Жылдызбек;
Жүн багытындагы кыргыз тоо меринос койлорун баккан Сокулук районунун фермери Маршанкулов Халис;
Сүт багытындагы эчкилерди баккан Москва районунун фермер Үсөн Сариков;
Кыргыз тыбыт багытындагы эчки багып, кирешесин арттырган Араван районунун фермери Тойгонбаев Сабыр;
Жылына 15 тонна балык өндүрүп, балык чарбачылыгын мыкты өздөштүргөн Жайыл районунун фермери Шыгаев Чынгыз;
Ак балдын эки түрүн өндүргөн Нарын районунун фермери Токталиев Рахат;
7 жылдан бери жашыл тоют (гидропоника) менен алектенип, жетишкендиктерди багындырган Жалал-Абад облусунун фермери Мурзакулов Мирлан;
Жаңы технологиянын жардамы менен күнүнө 15 тонна силос даярдаган Жайыл районунун фермери Шанкаев Сүймөнкул.
Белгилей кетсек, 28-29-30-31-январь күндөрү жылдын маанилүү иш чарасы “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму өтүп жатат.
Төрт күнгө созулган иш-чарага айыл чарба тармагынын лидерлери, мыкты фермерлер, ишкерлер жана адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.
“Агро-Диалог 2025” Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Агрофорумдун жыйынтыгында мыкты практикалар жалпыга жайылтылып, дыйкандар арасында туруктуу өнүгүү принциптерин бекемдөө күтүлүүдө.