Маанилүү жаңылыктар

Учурда республика боюнча жалпысынан 172 машина-трактордук станция бар

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республикада жалпысынан 172 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду.

Анын ичинен 59 муниципалдык, 113 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет, алардын карамагында 3700 жакын айыл чарба техникалары бар.

Алсак; Нарында – 27, Ысык-Көлдө – 32, Ошто – 17, Баткенде – 10, Чүйдө – 38, Таласта – 23, Жалал-Абадда – 25.

Белгилей кетсек, аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу демилгеси айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина- трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында ишке ашууда.

Show More
Back to top button