Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Өлкөдө кээ бир азык-түлүк продуктыларынын баасы төмөндөп, айрымдарыныкы жогорулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 22-январына карата Россия, Казакстан өлкөлөрү менен Кыргызстандагы азык-түлүк продуктыларына (нан азыктары боюнча, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кум шекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү. 

Жыйынтыгында, Кыргызстандын шаарларындагы азык-түлүктүн болгон баалары коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 7,1% га жана Россия Федерациясынан 8,7 %га төмөн экендиги аныкталды. Мындан сырткары, азык-түлүктүн баасы өткөн апта менен салыштырмалуу Кыргызстанда 0,16 %га кымбаттаса, Казакстан менен Россияда азык-түлүктүн баасы 0,7 % га жогорулагандыгы байкалды. 

Тактап айтсак, Бишкек шаарында кумшекердин баасы 5 сомго төмөндөсө, күрүч, картошка 1 сомдон 5 сомго чейин жогорулаган. Каракол шаарында азык-түлүктүн баасы туруктуу, бирок кумшекер менен сабиздин баасы 1,5 сомдон 3,5 сомго чейин жогорулаган. 

Ош шаарында пастерленген сүттүн баасы 50 тыйынга төмөндөсө, тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1 сомго жана тангакталган макарон азыктары 7 сомго чейин жогорулаган. 

Ал эми Актөбөдө пастерленген сүт жана картошканын баасы 2 сомго чейин жогорулаган. Костонай облусунда биринчи сорттогу буудай уну 2 сомго төмөндөсө, уй этинин жана баш пияздын баасы 1 сомдон 2 сомго чейин жогорулагандыгы байкалган. Караганда облусунда тазаланган өсүмдүк күн карама май жана картошканын баасы 2 сомго чейин жогоруласа, кумшекердин баасы 2 сомго төмөндөгөнү байкалган. Ошондой эле, Россия Федерациясынын Тюмень облусунда пастерленген сүттүн баасы 1 сомго, картошка 2 сомго жогоруласа, Красноярск өрөөнүндө биринчи сорттогу таразага тартылган буудай унунун баасы 2 сомго, картошканын баасы 1 сомго төмөндөгөнү. Саратов облусунда болсо, биринчи сорттогу таразага тартылган буудай унунун баасы 2 сомго картошканын баасы 3 сомго жогорулаган.

Show More
Back to top button