Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз өкмөтү ичүүчү жана сугат суу маселесин чечүүгө чечкиндүү киришет

Кыргызстандын өкмөтү ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо маселелерин чечүүгө катуу ниеттенүүдө жана бул багытта инвестицияларды көбөйтүүгө иштерди алып барууда. КРдин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы аймактык директору Татьяна Проскурякова жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жолугушту. Ирригация чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр инфраструктуранын эскиргендигинен улам суунун коромжусу, сууга болгон акынын төмөндүгү, ошондой эле, суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөн болуп саналат. 

Министрлик бул секторду санариптештирүүнү улантууну, сууну сарамжалдуу пайдалануу ыкмаларын (суу үнөмдөөчү сугат системалары (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу) илгерилетүүнү, ички чарбалык каналдарды пайдаланууну жана тейлөөнү райондук суу чарба башкармалыктарына өткөрүп берүүнү, ошол башкармалыктардын потенциалын бекемдөө үчүн чараларды көрүүнү (эмгек акыны жогорулатуу, техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу, мисалы, кызматтык жайларды оңдоо, эмерек жана жабдуулар менен камсыз кылуу сыяктуу эмгек шарттарын жакшыртуу) пландаштырууда. 

Жолугушууда тараптар кызматташуу жана жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында КР ирригациялык инфраструктурасын модернизациялоонун он жылдык программасы үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан колдоо көрсөтүүнү талкуулашты.

 Бүгүнкү күндө Министрлик 3 пилоттук райондо суу менен камсыздоо системасын инвентаризациялоодо, аларда райондук деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн борборлоштурулган модели апробацияланат, мында ирригацияга жооп берүүчү райондук суу чарба башкармалыктарга суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө функциялары да жүктөлөт.

Show More
Back to top button