Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Нарында 700 чарчы метр жер аянты мамлекеттин менчиге кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Нарын районундагы жайыт жерине мыйзамсыз сарай курулганын аныктады. Тактап айтканда, Нарын районунун Куланак айыл аймагынын тургундарынын арызынын негизинде Учкун айыл аймагынын “Чой-Жап” өрөөнүнүн “Боронбай” участогунда Р.И. аттуу жарандын жайыт жерине мал сарай жана жашоого ылайыкташкан контейнер куруп алган. Аталган фактылардын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын аймактык башкармалыгынын доо арызын Нарын райондук соту канааттандырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту да Нарын райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, жалпы жонунан 700 чарчы метр жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Show More
Back to top button