Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин атайын эсебине 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн республика боюнча 48 млн 593,9 миң сом акча каражаты түштү. Анын ичинен:
-Фитосанитардык сертификатты берүүдөн – 32 млн 592,9 миң сом;
-Лабораториялык экспертиза жана изилдөө жүргүзүүдөн (карантин лабораториясы) – 6 млн 623,5 миң сом;
-Карантинге алынуучу продукцияларды, каражаттарды жана кампа жайларды зыянсыздандыруудан – 3 млн 788,5 миң сом;
-Химиялык жана биологиялык иштетүүдөн – 3 млн 112,7 миң сом;
-Анализ жана текшерүү жүргүзүүдөн (токсикология лаборатория) – 2 млн 476,3 миң сом.