
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 15-январына карата Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктыларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 6,9% га жана Россия Федерациясынан 8,8 % га төмөн экендиги аныкталды. Казакстан Республикасында бул аптанын ичинде азык-түлүктүн баасы туруктуу. Болгону картошкага болгон баа жогорулагандыгы байкалууда. Мисалы, картошканын баасы Актөбөдө 42 сом, Костонай облусунда 45 сом, ал эми Караганда облусунда 43 сомго чейин жетүүдө.