Маанилүү жаңылыктар

Балык өнөр жай комплекси департаменти суу объектилеринин участогун балык чарбаларын уюштуруу үчүн пайдаланууга сынак жарыялайт

        Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти (уюштуруучу) суу объектилерин жана суу объектилеринин участогун балык чарбаларын уюштуруу үчүн пайдаланууга берүүгө сынак жарыялайт.

            Сынактын уюштуруучусу юридикалык жана жеке жактардын ​​ арыздарын 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киев 96-А., 6-кабат, 607-кабинет, телефон: 66-28-30, факс 66-28-10 дареги боюнча кабыл алат.

1. Сынактык арыздарды кабыл алуунун  акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 17-февралы.

2. Сынактык документтерди баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму 2025-жылдын 20-февралында, саат 10:00 Бишкек шаары, Киев көч. 96-А, 6-кабат, 621-кабинетте өткөрүлөт.

Show More
Back to top button