ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына болгон суроо талап өстү. Алсак, 2024-жылы өлкөдөн 33 миң тоннадан ашык сүт жана сүт азыктары экспортко чыкты. Тагыраагы, өткөн жылы эскпорттоонун көлөмү 33 374, 7 тоннаны түздү. Анын ичинен:
сыр – 1 451,6 тн
шоро – 120,8 тн
курут – 3,3 тн
каймак май – 1 881,8 тн
балмуздак – 4 480,1 тн
каймак – 660,8 тн
кургак сүт – 1 212,4 тн
пастерленген сүт – 124,0 тн
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 164,5 тоннага көп. 2023-жылы Кыргызстан 30 210, 2 тонна сүт азыктарын сыртка сатыкка чыгарган.