
Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнө жайы министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 20 748 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:
– импорттук карантинге алынган продукциядан 9687 даана үлгү;
– экспорттук карантинге алынган продукциядан 8180 даана үлгү;
– изилдөө иш-чараларынан 1691 даана үлгү;
– кайрылулар боюнча 425 даана үлгү.
Жалпы лабораториялар 55 525 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 16 түр карантиндик зыяндуу организмдер (калифорния калканчысы, кызыл карагай кара муратчаны, мөмө жемиш бактарынын бактериалык күйүк оорусу, Комсток курту, тыт калканчысы, Америкалык ак көпөлөк (ААК), чыгыш мөмө жегичи, алча чымыны, сары чырмоок, сойломо кекире, томаттын мозаика пепино вирусу, күрөн бырыш томат вирусу, томат күбөсү, типограф кабык жегичи, шабдалы мөмө жегичи, алтын түстүү картошка нематодасы) аныкталган.
Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 2024-жылда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 4773 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 4541 даана көчөттөн жана 232 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 15998 экспертиза жүргүзүлгөн.