Өлкө боюнча сабиз жана кант кызылчасын өстүрүү боюнча чемпиондор аныкталды. Алар – Чүй облусунун фермерлери Магуев Сулейман жана Наматбеков Жумабек. Сулейман мырза сабиз өстүрүп, жогорку түшүм алып келет. Ал эми Жумабек мырза кант кызылчасын өстүрүп, 1 гектардан 800 центнерден ашуун түшүм жыйнаган.
Сиз дагы ушундай жетишкендиктерди жаратып, киреше тапкыңыз келеби? Анда өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылыкта чоң ийгиликтерди жаратып адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28, 29, 30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар сабиз жана кант кызылчасын өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып беришет.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770 850 015 (Турат Идрисов), Министрликтин бөлүм башчысы.