
2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн 216 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшкөн. Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91 688,0 миң сом болсо, жыл аягында план 216 785,0 миң сомго аткарылган. Анын ичинен: эмгек акыга – 130 071,0 миң сом, социалдык фондго – 22 437,3 миң сом, киреше салыгына – 13 007,1 миң сом жумшалды..