
2024-жылдын жыйынтыгы менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 626,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 596 гидротехникалык курулмалардын, 250 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциялардын, 221 насостук агрегаттын оңдоо, 30 насостук агрегатын алмаштыруу жана 11 суу топтоочу курулмалардын, 150,0 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.