
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында III-Элдик Курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушканда, быйыл 2025-жылдын 1-январынан тартып дыйкан-фермерлерди колдоо багытында жалпы наркы 200 миллион сомдук “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке киргенин билдирди. Министр өз сөзүндө аталган долбоордун негизги максаты – жеңилдетилген насыялык каражаттарды 60 ай же болбосо 5 жылга берүү аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана “бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө” мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи. – Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150,0 млн. сомго чейинки каражат, 60 айга 6 пайыздык чен менен жана Жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу); күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50,0 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган, – деп айтты Бакыт Төрөбаев. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып “Айыл Банк”, “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору тарбынан берилет.






