Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2024-жылы мыйзамсыз курулуштардан мамлекеттик бюджетке 4 369 180 сом түштү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат 2024-жылдын 12 айында 803 текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз курулган объектерди бузуулардын саны 1438 түздү. Анын ичинде жер жаатында 1042, суу жаатында 396 мыйзам бузуулар. Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн, КР Укук бузуулар Кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 623 болуп, айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 318 500 сомду түздү. Ал эми аталган суммадан 4 369 180 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди. Ошондой эле, коюлган доонун суммасы 9 676 150 сом түзүп, анын 5 252 722 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Show More
Back to top button