Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунда 6 асыл тукум өндүргүч букалар багылууда

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун айыл чарба малдарынын Биотехнологиясы бөлүмүндө 6 асыл тукум өндүргүч букалар кармалат. Абердин-ангус, симментал, швиц, голштино-фриз тукумундагы асыл тукум букалардын өндүрүлгөн уруктары 0.25 мл өлчөмүндө пайет жана гранул түрүндө тоңдурулуп, -196 градуста суюк азотто сакталат. Өндүрүлгөн уруктар Республиканын ири мүйүздүү малдардын асылдуулугун жасалма уруктандыруу жолу менен жакшыртуу максатында техник уруктандыруучулар тарабынан колдонулат. Белгилей кетсек, жасалма уруктандыруу жолу аркылуу малдардын асылдуулугу жогорулап, эт-сүттүн өздүк наркы төмөндөп, натыйжада азык-түлүк коопсуздугу сакталат.

Дагы окуу

Show More
Back to top button