Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын (КЭР БББ) Кытайга өсүмдүк продукцияларын экспорттоого укугу бар ишканалардын тизмесин кеңейтүү жөнүндө кайрылуусуна жооп иретинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кызыл буурчакты (Kidney Bean) экспорттоонун талаптарына жооп берген ишканалардын тизмесин жөнөткөн.
2024-жылдын 27-декабрында КЭР БББгы Кыргызстандын 16 компаниясын “境外动植物及其产品检疫注册登记名单” ” (Quarantine Registration List of Overseas Animals and Plants and Relevant Products) – жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана кайра иштетилген продукцияны экспорттоо үчүн катталган чет өлкөлүк ишканалардын тизмесин жарыялоого арналган расмий ресурсунун тизмесине киргизди. Бул кадам Кыргызстан үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана ата мекендик айыл чарба продукцияларынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Бул жетишкендик ведомстволордун жана ишканалардын ырааттуу ишинин натыйжасы болду, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктайт.
Министрлик мындан ары да ата мекендик продукцияны экспорттоого колдоо көрсөтүү жана эл аралык фитосанитардык стандарттарга ылайык келүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантат.
Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу табууга болот: https://scintl.chinaport.gov.cn/aprwebserver/pages/apr/public/html/companyList.html