Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ак-Суу районунун Кара-Кыз айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Кыз айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери аяктады. Бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды. Аталган айылда 122 үй-бүлө, тагыраагы 659 тургун жашайт.
Бүгүнкү күндө төмөнкү иштер аткарылды:
• Каптаждан резервуарга чейин 500 метр узундуктагы суу түтүгүн куруу.
• 2×50 м³ көлөмүндөгү резервуар орнотулду.
• Жалпы узундугу 7 км болгон суу түтүк системасы орнотулду.
• Ичүүчү сууну дезинфекциялоо үчүн хлоратор орнотулду.
• Лаборатория жана кайтаруу бөлмөсү үчүн эки контейнер орнотулду.
• Контейнерлердин сырткы бөлүктөрү оңдолуп, жылууландырылды жана колдонуунун шартына ылайык даярдалды.
• Коомдук мекемелерге суу түтүктөрү тартылды.
Азыркы учурда жумушчу комиссия менен кабыл алуу-өткөрүү иштери аяктады.
Белгилеп кетсек, аталган долбоор Кара-Кыз айылынын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.

Show More
Back to top button