2024-жылдын 4-декабрында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын премьер-министри О.Бектеновдун жумушчу сапары болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда 2024-2025-жылдарга эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба продукцияларын жүгүртүү боюнча Жол картасына кол коюлду.
Жол картасынын негизги максаты айыл чарба товарлары менен сооданы кеңейтүү, эки тараптуу соодадагы тоскоолдуктарды чечүү, логистиканы жакшыртуу жана продукцияларды өз ара жүгүртүүнү стимулдаштыруу болуп саналат. Бул агрардык кызматташтыкты бекемдөөдө жана региондогу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп калат.
Жогоруда аталган документке кол коюу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө карай дагы бир кадам болуп, агрардык өндүрүш чөйрөсүндө натыйжалуу өнөктөштүк үчүн жаңы горизонтторду ачты.