Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Агротокой чарбасы жана багбанчылык тармагындагы бир катар долбоорлор ишке ашат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Азиялык агротокой чарба кызматташтыгы уюмунун (AFoCO) ортосунда маанилүү макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун жалпы суммасы 40 миллион АКШ долларын түзөт жана агротокой чарбасы жана багбанчылык тармагындагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана экосистемасын жакшыртуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон кызматташтыктын бир нече негизги багыттарын камтыйт:
• Acorn аркылуу көмүртек долбоорлорун кошкондо, агротокой чарбасы жана багбанчылык боюнча ар тараптуу кызматташуу, экосистеманы жакшыртууга, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана айыл чарбасын туруктуураак кылып, туруктуу экономикалык өсүүгө салым кошууга багытталган.
• Агротокой чарба бакчаларында зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү. Кыргызстандын айыл чарба тармагында түшүмдүүлүктү жана продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берген айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоого өзгөчө көңүл бурулат.
Ошону менен бирге тараптар Кыргыз Республикасында AFoCO өкүлчүлүгүн ачуу, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн AFoCO аймактык билим берүү жана окутуу борборун түзүү маселесин талкуулашты.
Ошондой эле макулдашуунун алкагында агротокой чарбасы жана багбанчылык чөйрөсүндө жаңы технологияларды жайылтууга, квалификацияны жогорулатууга жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга багытталган фермерлерди жана адистерди окутууну уюштуруу күтүлүүдө.

Show More
Back to top button