Белгилүү болгондой, азыркы учурда республиканын Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды жана арпаны себүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Буудай боюнча айтсак, 2025-жылдын түшүмү үчүн жалпы 190,0 миң га күздүк буудайды себүү иштери каралган. 2024-жылдын 29-ноябрына карата жумуштар 132,8 миң га, же болбосо 70,0 % аткарылган. Чүй облусунда – 79,3 миң га, Ысык-Көл облусунда – 9,0 миң га, Жалал-Абад облусунда – 14,0 миң га, Баткен облусунда – 6,0 миң га, Талас облусунда – 10,0 миң га жана Ош облусунда 19,0 миң га күзгү себүү иштери аткарылып отурат. Жумуштар 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,0 миң га көбүрөөк аткарылууда. Айрыкча Ош жана Чүй облустарында жогорку деңгээлде болууда.
Ал эми, күздүк арпаны себүү жумуштары боюнча айтсак, 2025-жылдын түшүмү үчүн пландаштырылган 11,4 миң га жер аянтынын 8,9 миң га, же болбосо 78,1 % жумуштар аткарылууда. 2023-жылдын азыркы мезгилине салыштырмалуу жумуштар 2,9 миң га көп аткарылып жатат.
Бүгүнкү күндө, кант кызылчасын жыйноо иштери аяктоо деңгээлинде турат. 2024-жылдын 29-ноябрына карата түшүмдү жыйноо жумуштары 13,3 миң гектар аянтта, же себилген аянттын 98,8 % жыйналып алынып, түшүмдүүлүгү 669,6 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 196,7 ц/га жогору. Дүң жыйымы 892,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 271,4 миң тоннага жогору болуп отурат. Бул өсүмдүктүн көрсөткүчтөрү 2024-жылы жогорку деңгээлде турууда.