2024-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча Эксперттик кеңештин жолугушуусу болуп өттү.
Эксперттик кеңеш айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүүдө 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү ошондой эле, 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү иш аракеттерин ишке ашырууда көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.
Күн тартибинде негизги 3 маселе каралды:
-Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Прензидентинин Жарлыгын (2024-жыл 22-июль № 202) ишке ашыруу боюнча, 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү деңгээлине жетишүү иш-чаралар планын талкуулоо;
-Кайра иштетүү деңгээлине жетишүүдө белгиленген локацияларды кароо;
-Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигин, Ата мекендик продукциялар менен камсыз кылуу максатында керектелүүчү азыктардын тизмесин Эксперттик кеңештин курамына тааныштыруу жана камсыздоо маалымат алуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.