Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл үрөн, көчөт, асыл-тукум урук менен камсыздоо жогорку деңгээлде болду

2024-жылга жаздык үрөндөр менен камсыздоо кылкандуу дан эгиндери боюнча керектөө 67,2 миң тонна түзсө, 65,4 миң тонна, же 97,3 пайызга камсыздалган. Анын ичинен буудай үрөнү 22,9 миң тонна керектелсе, 22,3 миң тонна топтолуп, камсыздоо 97,1 пайызга, арпа 44,2 миң тонна керектелсе, 43 миң тонна топтолуп, камсыздоо 97,4 пайызды түзгөн.
Ал эми, 2024-жылдын күздүк айдап себүүсүнө республика боюнча жалпы 37,4 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, 36,1 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолуп, 96,7 пайызы камсыздалды. Анын ичинен күздүк буудай үрөнүнүн керектөөсү 36,2 миң тоннаны түзсө, анын 34,9 миң тонна топтолуп, 96,6 пайызга аткарылды. Ал эми күздүк арпа үрөнүн керектөөсү 1,2 миң тоннаны талап кылынса, ал 100 пайызга камсыз болду. Ал эми, тритикаленин керектөөсү 11 тоннаны түзүп, анын 100 пайызы камдалган.
Мамлекеттик дотация аркылуу түзүлгөн келишимдердин негизинде республика боюнча дыйкан жана фермерлерге 2827,6 тонна жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, үрөнчүлүк чарбалар тарабынан министрликке караштуу Райондук аградык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу таркатылды. Таркатылган үрөндүн акча каражаты 35,1 млн. сомду түздү.
Мамлекеттик дотация аркылуу үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 2047 жетти.
Асыл-тукум материалы боюнча жасалма уруктандыруу жол менен уруктандырылган малдын саны 77 626 башты түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 178 башка көп, болду.
496,4 миң баш бодо, 11,7 миң баш жылкы, 5,9 миң баш чочко малдар идентификацияланып, СИОЖ системасына киргизилди.
Балык чарбасында 2024-жылдын 1-октябрына карата балык жаңы ачылган чарбалардын саны 35ти түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21ге көбөйдү. Балык көлмөлөрүн балыктандыруу 28,8 млн. даананы түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 8,6 млн. даанага көп болгон.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тогуз айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында айтылды.
Коллегиянын жыйынтыгында 2024-жылдын тогуз айындагы жетишкендиктер белгиленип, орун алган көйгөйлөр, кемчиликтер көрсөтүлүп, аларды чечүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин министрликтин стратегиялык, орто жана кыска мөөнөттүү пландарын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Show More
Back to top button