Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр А. Джаныбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр А. Джаныбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту

2021-жылдын 15-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү  министри  Аскарбек Джаныбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид  Мирзахидов менен жолукту.

Жолугушуунун журүшүндө, өзбек тарап Кыргызстандан Өзбекстандын базарларына мал жеткирүүгө кызыктар экендигин билдирди. Министр белгилегендей, 2020-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 569 токтомуна ылайык, “ Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомунун негизинде тирүү малды экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Министр учурда чектөөнүн мөөнөтүн кароо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Тараптар импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатын талкуулашты.

Ошондой эле, Кыргызстанга 1000 тонна буудай жана 500 тонна пахта берүү шарттарын талкуулоо менен министр  мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 10 000 көчөтүн бекер жеткирип бергенин эске алып, ыраазычылыгын билдирди.

Өзбекстандын техникалык жардамы менен Кыргызстандын аймактарында күнөскана жана бакча куруу маселеси дагы талкууланды. Долбоордун концепциясы дыйкандар үчүн окутуу жана көрсөтмө блокторун курууну камтыйт.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар буга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди жеткирүү иштери жүрүп жаткандыгын ырасташты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button