Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата Чүй облусунда 18575 га талаага биологиялык коргоо каражаттары колдонулган

2024-жылдын 1-октябрына карата Чүй облусунда 18575 га талаага биологиялык коргоо каражаттары колдонулган, бул 2023-жылга (17179 га) караганда 1396 га көп.
Алсак;
1) Энтомофагдар: амблисейус – 2024-ж 845 га. талаага, 2023-ж болсо 465 га. аянтка, алтын көздөр- 2024г-2413 га, 2023-ж – 750 га, трихограмма – 2024ж-3814 га, 2023-жылы – 2352 га, габрабракон – 2024ж-4887 га, 2023-ж – 1533 га чачылган.
2) Биологиялык препараттар: биолигнин – 4200 га, 2023-жылы – 4478 га, триходермин – 2416 га, 2023-жылы – 7411 га.
Белгилей кетсек, биологиялык каражаттары жашылча, жемиш, буурчак жана кант өсүмдүктөрүнө колдонулган. Ошондой эле, жыл сайын биологиялык контролдоо каражаттарын колдонуу аянты өсүп жатканы байкалууда.

Show More
Back to top button