Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл дан өсүмдүктөрү өткөн жылга салыштырмалуу 115,6 миң га көп жыйналууда

2024-жылдын 14-октябрына карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 602,1 миң га же 90,1 % аянтта жүргүзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 115,6 миң га көп.
Буудай 235,9 миң га аянтта (98,1%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 48,4 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,9 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,4 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында түшүмдүүлүк 29-32 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 706,0 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 245,9 миң тоннага көп.
Арпа 242,7 миң га аянтта (96,8 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 48,7 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 26,0 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 631,5 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 193,5 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,1 ц/га жетүүдө.
Жүгөрү (дандык) жалпы 70,7 миң га аянтта (64,2%) жыйналды. Түшүмдүүлүк 70,2 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 ц/га көп. Дүң жыйым 496,4 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 112,9 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 77,9 ц/га.
Чанактуулар жалпы 47,6 миң га аянтта (89,5 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,7 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,1 ц/га көп. Дүң жыйым 70,1 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 11,0 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Баткен облусунда – 19,3 ц/га.
Картошканын 41,0 миң га (61,5%) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 168,3 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 ц/га жогору. Дүң жыйым 687,8 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 50,3 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 181-183 ц/га түзүүдө.
Жалпы жашылчанын жыйымы 1 309,2 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100,3 миң тоннага көп болду. Бахча өсүмдүктөрүнүн жалпы жыйымы 329,3 миң тоннаны түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 86,7 миң тоннага жогору.
Май өсүмдүктөрү 12,3 миң гектар аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк гектарына 11,0 центнерди түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,0 миң гектарга көп. Жалпы жыйым 13,5 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 миң тоннага жогору.
Кант кызылчасы 4,3 миң гектар аянттан жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 597,7 центнерди түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчүнөн 126,0 центнерге жогору. Жалпы жыйым 257,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 130,6 миң тоннага көп болду. Быйыл бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болууда.

Show More
Back to top button