Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда аквакультура дараметин өнүктүрүүгө багытталган жолугушуу өттү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ново-Покровка айылында Кыргызстандын балык чарба ассоциациясы – “Аква Сервис” балык чарба базасында Кыргыз Республикасында аквакультура дараметин өнүктүрүүгө багытталган таанышуу жолугушуусу болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Насирдинов Самат Насирдинович, Балык өнөр жай комплекс департаментинин директору – Ниязов Эдиль Бейшекеевич, Кыргыз Республикасындагы ФАОнун өкүлү – Олег Гучгельдиев, ТИКА, KOICA нын өкүлдөрү жана башка дипломатиялык, эл аралык уюмдардын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын аквакультура жана балык уулоо секторунун өнүгүшүндөгү инвестициялык жана тармакты мындан ары өнүктүрүү максатында эл аралык уюмдар менен эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Show More
Back to top button