Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСти кайра куралдандыруу, өндүрүштүк негизги каражаттарды жаңыртуу, техникалык тейлөө кызматтарынын инфраструктурасын кеңейтүү жана айыл чарба субъекттеринин машина-трактор парктарын модернизациялоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 9 кредиттик линия аркылуу демилгеленип, ишке ашырылууда. Алсак, мамлекеттик лизинг 1; 2; 3; 4; 5; 6 жана ЕАБР долбоору – 1, 2. Аталган долбоорлордун аткаруучу оператору катары ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» иш алып барат. Бул лизингдик долбоорлордун алкагында республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бардык түрдөгү айыл чарба техникалары жана жабдуулары, жаан-чачындуу сугат машиналары жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу жабдуулары жеңилдетилген шарттарда, 10 жылдык мөөнөткө 6% жылдык пайыздык чен менен берилет. Техниканы лизингге берүү долбоорлорунун ишке киришкен күндөн баштап, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жалпысынан 17,6 млрд сомго 6892 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген, анын ичинде 2024-жылы 3,8 млрд сомго 976 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген. Республикадагы бардык айыл чарба субъекттери өз техника паркын ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» кредиттик-лизингдик линиялары аркылуу мамлекеттик колдоонун эсебинен жеңилдетилген шарттарда толуктай алышат: •лизинг мөөнөтү – 7 жыл; •пайыздык чен – жылына 6%; •лизинг алуучунун баштапкы төгүмү лизинг предметинин баасынан кеминде – 10% түзөт; •күрөө – эгерде лизинг алуучу лизинг предметинин баасынын 20% жана андан жогору баштапкы төгүмдү төлөсө, кошумча күрөө талап кылынбайт, күрөө предмети катары техника эсептелет, эгерде лизинг алуучу лизинг предметинин баасынын 20% дан аз баштапкы төгүм төлөсө, кошумча күрөө талап кылынат; •техниканы камсыздандыруу лизинг алуучунун макулдугу менен ыктыярдуу жүргүзүлөт; •лизингдик операциялар сом менен жүргүзүлөт. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында Кытай, Япония гранттык каражаттары жана Түркия инвестициялык кредити жана башка донордук уюмдардын эсебинен ААК «Айыл Банк» жана ААК «Элдик Банк» айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдууларды лизингге каржылоо үчүн узак мөөнөттүү кредиттик ресурстар топтолгон. ААК «Айыл Банкка» жана ААК «Элдик Банктарга» мамлекеттик колдоо линиясы боюнча лизингдик кызматтарды көбөйтүү үчүн кредиттик ресурстарды топтоо аркылуу акыркы жылдары лизингдик келишимдердин саны көбөйүп жатканын белгилеп кетүү керек. Банк кредиттеринин кайтарымдуулугу 99,6% түзүп, бул кредиттик ресурстарды пайдалануунун мыкты көрсөткүчү болуп, ишке ашырылып жаткан лизингдик долбоорлордун натыйжалуулугун көрсөтөт.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021