
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Баткен районундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы балдар ойноочу 2795 чарчы метр жер аянты айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке турак жай куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган.
Кызыл-Бел айылынын А. Х. аттуу жашоочусуна эскертүү берилип, жыйынтыгында, балдар ойноочу 2795 чарчы метр жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайрадан өткөрүлүп берилди.