Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичке сыноо жүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минитсрлиги тарабынан “Энесай Групп” ЖЧКсынын базасынан Монголияга 13 200 тонна кайра иштетилбеген кой жүнү ташылып келген. Андан 11 276 кг гранулдашкан органикалык жер семирткичтер жасалган.

Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичти колдонуунун натыйжалуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасирин, ошондой эле, айыл чарбасында кеңири колдонуудан мурун коопсуздугун баалоо максатында аткарылууда.

Кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичтерди колдонуунун натыйжалуулугун жана алардын түшүмдүүлүккө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Министрлик тарабынан 2024-жылдын 6-августунда № 04-13/264 токтом кабыл алынган.

Учурда, кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичти сыноо методикасы жана параметрлери аныкталууда, бул эксперименттин жүрүшүндө баалана турган көрсөткүчтөр (түшүмдүүлүк, түшүмдүүлүктүн сапаты, топурактын абалы, өсүмдүктөрдүн өсүшү жана өнүгүүсү, топурактагы азык заттардын деңгээли, сууну кармоо жөндөмдүүлүгү, топурактын жана маданий өсүмдүктөрдүн мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен сыноо участоктору) аныкталууда.

Кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичтин сыноосу аяктагандан кийин, анын натыйжалары боюнча илимий негизделген корутунду берилет.

Show More
Back to top button