
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаментинин 2024-2025 жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралар планынын негизинде республиканын балык чарба маанидеги көлмөлөрүн балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактары менен балыктандыруу иш чарасын жүргүзүүдө.
2024-жылдын 13 жана 18-сентябрында Департаменттин адистери, тийиштүү мамлекеттик кызматтын жана жарандык коомдун катышуусунда карп-сазан балыктарынын чабактары Ысык-Көл көлүнүн төмөнкү тилкелерине коё берилди.
- Ысык-Көлдүн №40-тилкеси, Түп суусунун куймасына – 500 миң даана;
- Ысык-Көлдүн 7, 13-тилкелерине – 1 млн. 200 миң даана.
Жалпысынан азыркы учурга коё берилген карп-сазан балыгынын чабактагынын саны 1 миллион 700 миң даана. Алдыда дагы балыктандыруу иш чарасы уланууда.
